Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.
Атамбаевдин тарапташтары уюштуруп жаткан тынчтык митингинде ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина сөзүн кыргыз тилинде баштап, жеңиш алар тарапта болоорун кошумчалады.
«Кутмандуу күнүңүздөр менен! Биз бул жерге өлкөдөгү тынчтык үчүн чогулдук. Конституциянын мыйзамдарына ылайык, биз өз оюбузду ачык айтууга укуктуубуз. Мындан 10 жыл мурда 7-апрелде өлкөдө чоң трагедия болгон, ар бир үй-бүлөнүн башына оор күн түшкөн. Алар биздей болуп акыйкат издеген. Жеңиш биз тарапта болот»,-деди Карамушкина.
Эске салсак, бүгүн Атамбаевдин тарапташтары тынчтык митинг уюштуруп, ага мурунку президент Атамбаев баштаган КСДПнын өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары Карамат Орозова, Ирина Карамушкина жана башка саясатчылар катышууда.