• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ирина Воронцова шаардык соттон бошотулушу мүмкүн

24 Бугу 2018 18:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.05. 2018. Govori.TV

Кечээ, Жогорку соттун судьялыгына 91 депутаттын каршылыгы менен өтпөй калган соттор Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Айдарбек Алымкуловдор  азыркы иштеп жаткан кызматтарынан да кол жуушу мүмкүн. Мындай шартка бүгүн ЖКнын депутаттары Мирлан Жээнчороев менен  Наталья Никитенконун парламентте көтөргөн суранычтары негиз болууда.

Анда эл өкүлдөрү парламенттик корпустун ишенимине ээ болбогон бул соттордун мындан аркы ишмердигине коомчулукта каршы пикир жаралып, аларды кызматтарынан бошотууну тиешелүү бийликтен суранып жатышканын айтып, үч сотту соттордун Тартип комиссиясына жиберүүнү сунуш кылышты.

Эми төраганын тапшырмасы менен бул сунуш ЖКнын тиешелүү комитетинен каралган соң, тартип комиссиясына сунушталат. Тартип комиссиясын коомчулуктун пикирин жана аталган соттордун буга чейинки мыйзамсыз чечимдерин карап чыккан соң кызматынан алышы толук мүмкүн. Ошонун менен алардын соттук ишмердигине чекит коюлат.

Количество просмотров: 25