• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Исаков «Идеал Хаус» боюнча да суракка чакырылышы мүмкүн…

15 Бугу 2018 16:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.05.2018. Govori.TV

«Экс-премьер» жарлыгы бар Сапар Исаков жакында экинчи козголгон кылмыш иши боюнча суракка чакырылат. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.

Алардын маалымат боюнча, №1-Мамлекеттик Резиденциянын үстүндөгү убагында Максим Бакиевге караштуу, 2010-жылдын апрель айында улутташтырылган «Идеал Хаус» элиталык коттедж жана жер аянты боюнча Башпрокуратура кылмыш ишин ачкан. Азыр бул боюнча, Маммүлктү башкаруу фондусунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков менен анын орун басары Бакыт Мураталиевдер камакка алынып сурак берип жатышат.

«Биздеги маалыматтар боюнча, бул ири афералык ишке мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана анын бир туугандарынын, ошондой эле экс-премьер министр Данияр Үсөновдун жакындарынын катыштыгы бардыгы тергөө учурунда белгилүү болушу мүмкүн»,-деп айтылат биздин булактын билдирмесинде.

Демек, жакын арада ТЭЦ боюнча суралып жаткан Сапар Исаков жактоочусун жанына алып, «Идеал Хаустун» «идеалдуу сатылышын» саймедирейт көрүнөт.

Количество просмотров: 17