• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Иш үстүндө ичимдик ичкен кызматкерлер жумуштан айдалды

20 Жетинин айы 202315:06 Бишкек Govori.TV

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иштен бошотулганын мэриядан билдиришти. 

Ишкананын төмөнкү кызматкерлери иштен бошотулду:

— инженер-энергетик;

— пландоо-экономика бөлүмүнүн башчысы;

— башкы бухгалтер;

— диспетчер.

Буга чейин социалдык тармактарда видео тараган. Анда белгисиз аял күйөөсүнүн жумушуна келип, анын үйгө келбегендигин, үй-бүлөсүн камсыздабай жаткандыгын айтып, жаңжал чыгарган. Мындан сырткары видеодон аялдын күйөөсү жана бир нече адамдар жумуш ордунда ичимдик ичип отургандыгын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 2536