• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Исхак Пирматов, депутат: “Парламенттеги ТЭЦтин реконструкциясы боюнча талкуу Кытайга каршы багытталбайт”

23 Бугу 2018 11:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV
“Парламенттеги ТЭЦтин реконструкциясы боюнча талкуулар Кытай Эл Республикасына каршы багытталбайт жана эки өлкөнүн мамилесине, алдыдагы өлкө жетекчилеринин жолугушууларына таасир этпеши керек”. Бул сөздү ЖКнын  Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исхак Пирматов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстанедагы элчиси Сяо Цинхуаны кабыл алганда айтты.
Депутат эки өлкө ортосундагы достук мамиле улана берээрин, июнь айына болжонгон Президент Сооронбай Жээнбековдун кошуна өлкөгө болгон иш сапары да мамилелердин мындан аркы чыңдалышына арналганын, стратегиялык эки тараптуу өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталганын айтты.
Өз кезегинде элчи “Кыргызстан — биздин досубуз жана ишенимдүү өнөктөшүбүз. Биз республикада стабилдүүлүк, тынчтык жана өнүгүү болушун каалайбыз. Президенттин иш сапарына биз абдан маани беребиз жана өз тарабыбыздан иш сапарадын ийгиликтүү болушу үчүн аракеттерди жасайбыз”,-деп билдирди.
Эске сала кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон иш сапарында башкы долбоор Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушу болоору тууралуу айтылууда.
Количество просмотров: 16