• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат

25 Тогуздун айы 202111:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда коомдук саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Исхак Раззаковдун небереси Берке Раззаков катышууда.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Лейлек районунун Коросон кыштагында туулган. 1950-1961-жылдары Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал Кыргызстанды жетектеп турган жылдарда Орто-Токой суу сактагычы, Фрунзе заводу сыяктуу бир катар ири объектилер пайдаланууга берилген.

Количество просмотров: 156