• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

ЖК Исфана шаарына Раззаковдун атын берүүнү колдоду

16 Жалган куран 2022 17:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, үч окууда жактырды.

Жалпы жыйында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Элчибек Жантаев маалымат берип, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-декабрындагы жарлыгынын негизинде көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун элесин түбөлүккө калтырууга багытталганын билдирген.

“Ага ылайык, Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо сунушталууда”, – деген Элчибек Жантаев мыйзам долбоорун үч окууда колдоп берүүнү өтүнгөн болчу.

Талкуу маалында депутат Өмүрбек Бакиров сунушту колдой турганын айтып: “Аталган шаарды эле эмес, Бишкек шаарындагы райондордун, өлкөбүздөгү айрым мекемелердин жана көчөлөрдүн аттарын да өзгөртүүбүз керек”, – деди. Муну менен катар “Исхак Раззаков” деп толук атоо керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Элчибек Жантаев тилдик эрежелерге таянган Илимдер академиясынын окумуштууларынын корутундусунун негизинде “Раззаков” деп атоо чечими кабыл алынганын маалымдады.

Количество просмотров: 96