• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ишенбай Кадырбеков: “Атамбаевдин кол тийбестиги жок, жоопко тартууга мыйзам жол берет”

31 Бугу 2018 13:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.05. 2018. Govori.TV

“Конституцияда экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу бир да беренеде жазылбаган. Демек, экс-президенттин кол тийбестиги жок”. Бул тууралуу коомдук ишмер, экс-спикер Ишенбай Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, Конституцияда “сот алдында, мыйзам алдында Кыргызстандын бардык жарандары бирдей укукка ээ” деп гана жазылган. Ал эми “айрым учурларда кол тийбестик берилет” деп 3 гана субъект көрсөтүлгөн.

Алар: Президент, ЖК депутуттары жана соттор. “Эгерде, факты болуп, иш козголуп, Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу үчүн ушул мыйзамды сунуштоо керек болсо, анда аны жөнөкөй жаран катары эле сотко берип, сот чечим кабыл алып, ишин караганга мыйзам жол берет”, — дейт Ишенбай Кадырбеков.

Ал эми депутаттар Конституцияга таянып, ошонун негизинде мыйзамга көзгөртүү киргизсе туура болмоктугун кошумчалады.

“Депутаттардын кол тийбестик укугуна барабар кылабыз дегени бир жагынан туура. Бирок, Конституцияда экс-президентке кол тийбестик берилбегенден кийин, кандай мыйзам болбосун, ал иштей албайт”, — дейт ал.

2010-жылы кабыл алынган өлкөнүн баш мыйзамында экс-президент тууралуу “экс-президент наамы мыйзам катары жазылат” деп гана жазылган.

Белгилей кетсек, ушу тапта КРнын экс-президенттеринин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууда каралууда. Мыйзам долбоорлорунун авторлору: депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев.

Количество просмотров: 12