• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ишкер 5 млн сомго сатпай койгон Турдакун Усубалиевдин унаасын Жапаровго белек кылды

9 Бирдин айы 2021 9:30 Бишкек Govori.TV

32 жаштагы ишкер Бакай Өмүралиев Турдакун Усубалиевдин унаасын Садыр Жапаровго белек кылды. Бул тууралуу Жапоров өзү социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Турдакун Усубалиевден калган автоунаа Улуттук тарых музейине белекке берилет.

«Турдакун Усубалиевдин автоунаасын алганым сыймык, бирок аны музейге тапшырууну ылайык көрүп турам. Кочкор жергесинен келген Бакай аттуу мекендешибиз Турдакун Усубалиевдин автоунаасын мага белекке тартуулады. «00-01 ФИА» номерлүү атоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин соңунда Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машине дале жапжаңы, жакшы каралган. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт. Дөөтү деген дөөтү, Кыргызстанды 1961-жылдан 1985-жылга чейин башкарган кишиден калган таберик буюмдун рулун кармап, ырымга ары-бери айландырып турганымда, өлкөбүздүн бир үзүм тарыхы көз алдыма элестей түштү. Бул автоунаа өмүрү жана ишмердиги биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө терең из калтырган адамдын аты менен байланыштуу болгондуктан, аны короомдо, көздөн далдоодо каткан болбойт деген ойго токтодум. Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Заманбап автоунаалардын түрү жайнаган азыркы заманда жаш муун көрүп, ата-бабалардын кандай унаа тээп, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин элестетип алышса деле, алар үчүн тарбия. Ошондуктан, Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ишкер Өмүралиев Турдакун Усубалиевдин унаасын 5 млн сомго сатпай койгон. Ал унаа 43 жылдан бери жараксыз абалда жатканын жана керектүү тетиктерди атайы Москва шаарынан алдырганын кошумчалаган.

Количество просмотров: 2223