Социалдык түйүндөрдө саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин унаасын 5 млн сомго сатпай койгон ишкердин окуясы алкоого арзыды.
32 жаштагы Бакай Кыргыз Эл баатыры Турдакун Усубалиевдин унаасын 5 млн сомго бербей койгонунун себептерин Govori.TVга төмөндөгүдөй түшүндүрдү.
«Мен өзүм Турдакун Усубалиев атабыздын мамлекетине жасаган эмгектерин баалап өзү жүргөн унаасын атайын ырымдап алгам. Легенда кишинин олуттуу иштерине күбө болгон тулпарды аттуу, баштуу кишилер сат дешти. Унааны 5 млн сомго дагы баалагандар болду, бирок миллион десе эле Жараткан берген дөөлөт менен башчы болгон адамдын унаасын карматып сала алган жокмун. Принцип болуш керек деп ойлойм»,-деп билдирди Бакай Өмүралиев.
Мындан тышкары, ал унаа 43 жылдан бери жараксыз абалда жатканын жана керектүү тетиктерди атайы Москва шаарынан алдырганын кошумчалады.
Унаанын мурунку сүрөттөрү: