• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ишкерлерге 8 млрд сом пайызсыз насыя берилген

22 Жетинин айы 202416:14 Бишкек Govori.TV

«Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында 10 миң 949 ишкер пайызсыз насыя алды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын 1-ноябрына карата пайызсыз насыянын жалпы 8 млрд 20 млн 311 миң 016 сомду түздү. Анын ичинен:

1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 323 ишкерге 5 млрд 523 млн 53 миң 916 сом берилген.
2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 миң 626 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 497 млн 257 миң 100 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Теги:
Количество просмотров: 256