• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Искендер Матраимов, ЖКнын депутаты “Кулматов ийгилиги былтыр чек арадан өтпөй турган жүктөрдө…”

6 Бирдин айы 2018 12:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02. 2018. Govori.TV

“Бүгүн бажы кызматын башкарган Кубанычбек Кулматов түбөлүк калбайт, ал өзүнүн кызматтан кетээрин да ойлошу керек. Кечээ эле бир командада иштеген, чогуу бюджетти көтөргөн адамдын артынан ар кандай кепти таштаганы жакшы эмес”.  Бул сөздү Govori.TVга Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы бажы кызматынын төрага орун басары Райым Матраимовдун агасы Искендер Матраимов айтты.

“Албетте, мен Бажы тармагынын кирешесинин арбышын керек болсо 150 пайыз колдойм. Бул деген пенсия, жөлөк бул, социалдык курулуштар үчүн чоң колдоо. Бирок, Кубанычбек Кулматов өзү бул кызматка келгенден берки кирешенин арбышын табышмактатып, менин иниме карата жебени бурбай ачыгын айтышы керек болчу. Эмне үчүн мындай кирешеде өсүш болду? Анткени, былтыр Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын жабык болушунан улам туруп калган 1000ге чукул оор жүк ташуучу унаалар январ ичинде Кыргызстанга кирди. Ошондой эле Өзбекстандын чекарасы ачылганы, өзбек-кытай соодасы жанданып, Ош аркылуу, Карасуу базары аркылуу товар ташуу күчөдү. Ушул фактор гана Кулматовдун чоң сүйлөшүнө шарт түзүп жатат. Эгер, ал калган айларда да ушундай темп менен кирешени өстүрүп жиберген болсо, албетте, мен колдойм. Бирок, кызматташ жүргөн адамга буга чейинки күнөөлөрдү акырын жылдырып, өзүн көкөлөткөнү туура эмес,-дейт эл өкүлү.

Эске сала кетсек, кечээ Сапар Исаковдун кабыл алуусунда болгон бажы кызматынын ашчысы Кубанычбек Кулматов быйылкы жылдын бир айында былтыркы жылга салыштырмалуу 900 млн. сом көп киреше түшкөнүн билдирген.

Количество просмотров: 9