Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр ажы Маликов “Мусулман жаштары: багыттар жана баалулууктар”, “Ислам жана мамлекет” деген эки китебин жарыялады.
Автор коррупция, жол кырсыктары жана башка учурдагы кыргыз коомчулугундагы курч маселелерди чечүүнүн жолдорун Ислам дининен издеп көргөн. Кадыр Маликовдун айтымында өзүн мусулманмын деген адам жол эрежесин бузбаш керек.
“Жоопкерчилик бул Ислам дининдеги эң негизги элемент болуп эсепетелет”-дейт Кадыр Маликов.
Ошондой эле китептин айрым бөлүктөрү коррупцияга каршы күрөшүүгө арналып, паракорчулук жана уурулук үчүн мыйзам астында гана эмес, жараткандын астында дагы жооп берилээри айтылган.