Испанияда тарыхтагы эң ири “помидор салгылашы” деп аталган өзгөчө фестиваль өттү. Салгылашта 22 миң адам бири-бирине 150 тонна помидор ыргытып, ойношту.
“La Tomatina” фестивалы жыл сайын Буньол шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн миңдеген адамдар келет. Бул жылы “помидор салгылашына” 150 тонна помидор керектелип, алар шаарга жети машина менен алынып келинген. Аларды тамакка колдонууга жараксыз болгондуктан ушундай колдонушкан.