• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Июль 1850-жылдан берки эң ысык ай болгону аныкталды

10 Баш оона 202317:15 Бишкек Govori.TV

Июль 1850-жылдан берки эң ысык ай болгону расмий аныкталды. Бул тууралуу климатты изилдөө боюнча европалык Copernicus кызматы билдирди.

Изилдөөчүлөрдүн маалыматында айтылгандай, июлда дүйнө жүзү боюнча абанын орточо температурасы 17 градус болгон. Бул өнөр жай дооруна чейинки абанын табынан 1,5 градус жана 2019-жылдагы ушул айдагы рекорддук ысыктан 0,3 градус жогору болду.

Кошумчалангандай, абанын мындай ысышы бардык континенттерде тегиз байкалган.

Количество просмотров: 172