• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Июнь окуясы: Текебаев, Дүйшөбаев жана Асанов сурак беришти

20 Бештин айы 2021 17:20 Бишкек Govori.TV

Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов жана Кеңешбек Дүйшөбаев Башкы прокуратурага сурак беришти. Бул тууралуу Govori.TVга Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Башкы прокуратура июнь окуясы боюнча иликтөөнү жанданткан.

«Мындан улам «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов өткөн аптада сурак берип чыгышкан», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу иштерди кайра иликтөөнү президент укук коргоо органдарына тапшырган болчу.

Количество просмотров: 167