• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Издөөгө алынган Аймээрим Акишова жигити менен тоого кеткен…

8 Үчтүн айы 202614:30 Бишкек Govori.TV

7-январда болжол менен саат 22:30 чамасында Нарын облусунун аймагында изделип жаткан 2001-жылы туулган Акишова Аймээримдин жүргөн жери аныкталды.

Маалыматта айтылгандай, факт Ленин РИИБдин электрондук журналына катталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн адамдардын аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берилет.

Милиция кызматкерлери жарандардын дайынсыз жоголушу тууралуу арыздар түшкөн учурда ички иштер органдары кыска мөөнөттө издөө иштерин жүргүзүү үчүн олуттуу күчтөрдү жана каражаттарды тартарын эскертет.

Буга чейин Бишкекте Аймээрим Акишова аттуу кыз дайынсыз болуп, Ленин РИИБ тарабынан издөөгө алынган. Мындан соң социалдык тармактарга Аймээримдин жигити менен чогуу элге кайрылган видеосу тараган. Анда жигит экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнүн жана учурда алар эс алып жүргөнүн айтышкан.

Количество просмотров: 215