Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 27-сентябрда дайынсыз жоголгон 17 жаштагы А.М.нын сөөгү Боом капчыгайынан табылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына кыздын агасы билдирген.
Анын айтымында, 27-сентябрь күнү анын карындашы Барскоон айылындагы үйүнөн түшкү тамактануу маалында чыгып, Жеңиш айылындагы досуна барган. Андайн кийин кайтып келген эмес. Ошол күнү кечинде туугандары коңгуроо кагып, кызды издей башташкан.
«Кечээ түнү милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү табышканын айтып, ал карындашымды зордуктап, өлтүргөнүн мойнуна алган. Көрсө, ал алгач зордуктап, анан өлтүрүп, сөөгүн Ысык-Көлдүн жээгине көмүп салган. Андан соң телефонун Бишкекке сатып жиберген. Анан кайра келип, сөөктү казып, Боомго алып кеткен», — деп айтып берген ал.
Учурда аталган иш тууралуу ИИМ расмий маалымат бере элек.