• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрөт

16 Чын куран 202612:31 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, таш түшүрүү иштери 20-апрелден 24-апрелге чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы) жүргүзүлмөкчү.

Иш-чара күндүзгү саат 10:00дөн 16:00гө чейин созулуп, жол кыймылы жарым-жартылай чектелет. Тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Эгерде жолдо 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таш түшүрүү токтотулуп, унааларга жол ачылат.

«Жарандардан сапарларын алдын ала пландап алууну суранабыз. Бул иштер темир жол жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 146