• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Израилде сот реформасына каршы жапырт нааразычылык акциялары өтүп жатат

19 Теке 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Израилде сот реформасына каршы жапырт нааразылык акциялары өтүп жатат. Бул тууралуу The Times of Israel билдирди.

18-июль «каршылык күнүндө» жүз миңдеген адамдар демонстрацияга чыкты. Буга чейин демонстранттар ондогон шаарларда жолдорду жаап салышкан, бир катар шаарларда нааразылыкка чыккандар полиция менен кагылышкан. Коомдук тартипти бузуу айыбы менен 20га жакын адам камакка алынды.

Раананада автоунаа акцияга чыккан бир кишини байкабай сүзүп кеткен. Жабырлануучу оор жаракат менен ооруканага жаткырылган. Айдоочу суракка алынууда.

Израилдин медициналык ассоциациясы иш таштоо болорун эскертти: бүгүн эртең менен дарыгерлер сот реформасына каршы нааразылык иретинде эки саатка ишин токтотушат. Дарыгерлер бул адам өмүрүнө, саламаттык сактоо системасына, бейтаптарга, дарыгерлерге жана башка медициналык кызматкерлерге чоң зыян алып келет деп эсептешет. Иш таштоо учурунда шашылыш жардам көрсөтүү токтотулбайт.

Израилде бийлик сот системасын реформалай турганын билдиргенден кийин жапырт нааразылык башталган. Реформага каршы чыккандар мунун натыйжасында соттордун мамлекеттик чечимдерге көзөмөлү төмөндөп, соттор иш жүзүндө өз алдынчалыгын жоготот деп эсептешет.

Kan News кабарлагандай, кеңири жайылган нааразылык акцияларынан улам Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өнөктөштөрү, юристтери жана президенттик администрациянын кызматкерлери менен реформаны жумшартуу боюнча кеңешмелерди баштады. Оппозиция сүйлөшүүлөргө катышпайт.

Сот реформасы боюнча мыйзам долбоорун Израиль парламенти келе жаткан жекшембиде кабыл алары күтүлүп жаткан.

Израилде сот реформасына каршы нааразылык акциялары 2023-жылдын март айында да болгон. Анда 600 миңден ашуун демонстрант көчөгө чыккан. Өлкө боюнча иш таштоолор жарыяланган. Нетаньяху сот реформасын кароону жайга жылдырууну чечкен.

Количество просмотров: 64