Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израил мамлекетинин аймагында жүргөн мекендештердин көңүлүн маанилүү маалыматка бурат.
«Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжалдын фонунда аймактагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу, КР жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Египет тарап менен Эйлаттагы Египет Араб Республикасынын Башкы консулдугунан кыска мөөнөттүү визаларды (14 күндөн 30 күнгө чейин) алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Бул Кыргыз Республикасынын жарандарына Израилдин аймагынан Египет аркылуу чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат билдирүүдө. КРнын Герцлиядагы ардактуу консулунун кеңсесинен Египеттин Эйлаттагы Башкы консулдугуна уюшулган чыгуу 24-июнга пландаштырылганы такталган.
ТИМ Израилден чыгып кетүүнү каалаган бардык жарандардан төмөнкү маалыматтарды тез арада берүүнү өтүнөт:
* фамилиясы, аты, атасынын аты;
* КР жаранынын жарактуу паспортунун сериясы жана номери;
* Израилдеги учурдагы турган дареги;
* байланыш телефон номери;
* паспорттун башкы бетинин сүрөтү.
Маалыматтарды [email protected] электрондук почтасына же төмөнкү номерлер боюнча WhatsApp аркылуу жөнөтүү зарыл: +972533214916, +905456896800.
Кошумча суроолор пайда болгон учурда төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот:
* Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги: +905456896800;
* Кыргыз Республикасынын Герцлиядагы ардактуу консулдугу: +972544426498.