• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Израилден Өзбекстанга аба каттамдары токтогон жок

10 Тогуздун айы 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Израиль менен аба каттамдарын токтоткон жок. Бул тууралуу Өзбекстандын Тель-Авив шаарындагы элчилиги билдирди.

«Бүгүнкү күнгө карата Израилден Өзбекстанга аба каттамдары токтотулган жок. Каалоочулар билет сатып алып учуп кетсе болот. Өзгөрүүлөр болсо кошумча маалыматтар берилет», – деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

«Өзбекстан аба жолдорунун» сайтындагы маалыматка ылайык, Тель-Авивден Ташкентке аткарыла турган жакынкы каттамдар 10чу, 12чи жана 15-октябрь күндөргө пландалган.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге абадан чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип барган.

Тель-Авивдин маалыматына караганда, аталган кыймылдын өкүлдөрү ондогон адамды барымтага алган. Кол салуу учурунда Израил тараптан каза болгон кишилер 700дөн ашкан, эки миңден көбү жараат алган.

Израилдин армиясы Газа тилкесине жооп катары абадан сокку ура баштаган. Палестин бийлигинин маалыматына караганда, Газа секторунда каза тапкандар 413кө жетти, жараат алгандар 2300 болду. Израилдин бийлиги 50 жылдан бери биринчи жолу согуштук абал жарыялады

Количество просмотров: 61