Бүгүн, 15-июнда Бишкекте Ак үйдүн алдында аялдарын укугун коргоо акциясы өттү. Анда жыйырмадан ашык активисттер “Зомбулукка жол жок!”, “Зомбулукту токтоткула!” деген жазууларды кармап чыгышкан.
Чогулгандар Сузакта өткөн аптада күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган аялдын, жыл башынан бери күйөөлөрүнүн колунан каза тапкан келиндердин окуясына, Бишкек паркта 13 жаштагы кызды зордуктаган эркектин сотто акталышына байланыштуу нааразычылык акциясына чыгышкан.
Коронавирус пандемиясынын шартында митинг өткөрүүгө жол берилбей турганын эскерткентартип сакчылары чогулгандарды тарап кетүүгө чакырган.
Кошумчалай кетсек, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 2019 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырганда 65 пайызга көп.