• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип Бишкектеги ЖОЖдун мугалими кармалды

11 Бештин айы 202513:15 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте бүгүн түнү милицияга 11-кичи райондо болгон үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барганда 1988-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран аялына орой сөздөрдү айтып, кол көтөргөнү аныкталган.

Бул факты тешелүү каттоого алынып, ага карата «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Ал райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ж.Т. аттуу жаран борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштей турганы белгилүү болду.

Милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды, ошондой эле мындай учурлардын күбөлөрүн бул тууралуу жакынкы милиция кызматкерине же күнү-түнү иштеген 102 кыска номерине дароо билдирүүгө чакырат.

Количество просмотров: 215