• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Үйүнөн баңгизат, курал табылган. Бишкекте көк бөрүчү кармалды

12 Теке 202311:18 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте көк бөрүчү Ж.Э., кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына (БМЖККК) Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө «гашиш» баңгизатын сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Бишкектин аймагынан «баңгизатын сатуучу» мурда соттолгон жаран 1981-жылы туулган Ж.Э. аныкталган.

Шектүү делген жаран Ж.Э. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган, учурда Токтогул районунун көк бөрү ат оюндары боюнча курама командасынын капитаны.

«Бишкек шаарынын аймагында 2023-жылдын 7-июль күнү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө Ж.Э. башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-814” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда табылган банкада баңгизат жасоочу аппараттар — ширенке кутучасы түрүндөгү 2 даана «Hony-Bag Basic KIT 5» фирмасынан чыгарылган темирден жасалган тор бар болгон. Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жаран Ж.Э. жашаган жеринде ИИМдин БМЖКККнын издөө итин тартуу менен тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында сарайдын чатырында өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү тегерек формадагы зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында бул зат 62,32 грамм салмактагы «гашиш» баңгизаты болуп чыкты»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча 2023-жылдын 7-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, сарайдан баңгизат даярдоочу челек жана буюмдар табылды. Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сакталып турган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тергөө судьясы тарабынан шектүү Ж.Э. карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Количество просмотров: 127