• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Үйүнөн качууга аракет кылган кыз 4-кабаттан кулап кетти

3 Жалган куран 2023 15:26 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Төмөнкү Джал кичи районунда мектеп окуучусу түндө төртүнчү кабаттын терезесинен кулап кеткен. Бул тууралуу соцтармакка видео жарыяланды.

«14 жаштагы кыз 4-кабаттын терезесинен кулап түштү. Ал үйдөн качкысы келдиби же бир нерсе болдубу, билбейм. Кыз аман-эсен, тез жардам чакырылды», — деп жазган соцтармак колдонуучусу.

Ал эми Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя болгондугун тастыктап, 3-март күнү саат 22:49дар чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан кыз кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнү кабарлады.

«Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кетип, факты тастыкталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жашы жете элек М.С. 2010-жылы туулган, ошол күнү үйдө жалгыз жана кулпуланган болгон. Достору менен сейилдөө үчүн батирден качып чыгууну чечип, балкон аркылуу түшүп кетүүгө аракет жасап ага шейшептерди колдонуп. Учурда ал ооруканада», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин каттоо-журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 1154