• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Япония Кыргызстанга кар көчкүдөн сактануу үчүн 37 млн доллар бөлөт

16 Тогуздун айы 2018 9:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.10.2018. Govori.TV
Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Япониянын «Dai Nippon Construction» компаниясынын ортосунда, Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдөн сактануу долбоору боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул долбоор Япониянын грантынын эсебинен ишке ашырылат. 2017-жылдын март айынын соӊунда, 37, 499 млн доллар өлчөмүндөгү Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдөн сактануу долбоорунун гранттык келишими жана алмашуучу ноталарына кол коюлган.
2018-жылдын 9-октябрында, Транспорт жана жолдор министрлигинин катышуусу менен, Токио шаарында долбоордун башкы жалдамачысын тандоо процедурасы өткөрүлүп, аны «Dai Nippon Construction» компаниясы утуп алган.
Долбоордун алкагында, Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн сактоочу түркүктөрдү орнотуу жана алардын эки тарабына кирме жолдордун курулуусу каралган.
Количество просмотров: 31