Экс-депутат Жанкороз Каниметовдун уулу Караколго мэр болуп шайланды
Экс-депутат Жанкороз Каниметовдун уулу Караколго мэр болуп шайланды
12 Тогуздун айы 2018 17:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.10.2018. Govori.TV
Бүгүн 12-октябрда Каракол шаарынын мэри болуп, Адыл Каниметов шайланды. Бул кресло көптөн бери ээсин таппай бош турган. Жалпысынан Каракол шаарында 31 депутат бар. Жергиликтүү депутаттардын көпчүлүгү Каниметовго добуш берген. Ал 18 депутаттын колдоосуна ээ болуп, шаар мэри аталды.
Эскерте кетсек жаңы мэр Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жанкороз Каниметовдун уулу болуп эсептелинет.
Караколдон Алматы жана Ташкентке автобус каттамдары ачылат
Мэриядан билдиришкендей, эл ташуучу автобустар мындан ары Каракол–Бишкек, Каракол–Алматы жана Каракол–Ташкент багыттары боюнча каттамдарга чыгарылат. …