“Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деп аталган коомдук, саясий жана мекенчил күчтөр уюштурган курултайдын жайынтыгында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, буга чейин жасаган иштерине укуктук баа берүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуш берүү каралган.
Буга чейин Бишкектеги ЖЭБ боюнча Алмазбек Атамбаев башында турган, бардык премьер-министрлер жоопкерчиликке тартылышы керектиги айтылып, алар камалып, Атамбаевдин эркиндикте жүргөнү жашыруун эмес. Бирок, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек жылуулук электро борборундагы аварияга мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тиешеси жок. Ал жердеги маселеге жооп берүү керек болсо ал менмин деп айтканы да белгилүү.
Президенттин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутат Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев иштеп чыгышкан.
Жакын арада өткөн курултайдын жыйынтыгында экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу резалюциясын кабыл алганы тууралуу депутат Мурадыл Мадеминов пикирин билдирип, бул чечимдин туура эместигин айтты.
Учурда Жогорку Кеңеште экс-президентти кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун кароо иши башталды. Анда курултайда айтылган жыйынтык дагы эске алынмакчы.