• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Көбү Бишкекте. Кыргызстанда дагы 90 адамдан коронавирус аныкталды

17 Кулжа 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-июнга карата Кыргызстанда дагы 90 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2562 адамга жетти. Акыркы суткада 54 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 36 адам;
  • Чүй облусунда 29 адам;
  • Ош облусунда 6 адам;
  • Ош шаарында 7 адам;
  • Жалал-Абад облусунда 3 адам;
  • Баткен облусунда 3 адам;
  • Талас облусунда 6 адам.
Количество просмотров: 312