Бүгүн, 1-февралда күч түзүмдөрүнүн ардагерлери Бишкектеги М. Горький атындагы сейил багына нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.
Чогулгандар пенсияны көбөйтүп, компенсация төлөп берүү талабын айтышкан. Ошондой эле Баткен окуясынын ардагерлерине атайын статус берүү маселеси көтөрүлгөн.
Митингге чыккандар президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан.