Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 1 күмүш, 3 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Кыз-келиндер арасында Асел Садырова салттуу жаа атуунун түрк стили боюнча 2-орунду ээлесе, калкан стили боюнча коло медалга ээ болду. Исхак Токонов түрк стили боюнча, ал эми Аида Акматова ат үстүндө жаа атуу боюнча 3-орунга татыктуу болушту.