• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Көчмөндөр оюндарынын башталышынын алдында күлүктөр аныкталды

8 Аяк оона 20249:34 Бишкек Govori.TV

Казакстанда «Ұлы дала жорығы» аталган 500 чакырымга созулган күлүктөрдүн жарышы болуп өттү. Ал бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып өткөрүлдү.

Бул эл аралык марафонго Иран, Түркия, Кыргызстан, Венгрия, Орусия жана башка ондогон өлкөлөр менен бирге Казакстандан тогуз команда катышты.

Аттардын жарышы 3-сентябрда Түндүк Казакстандагы Ботай айылынан башталып, 7-сентябрда Астанада аяктады. Аны жеңүүчүлөрү эми Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышышат.

Бул жарыштын максаты — күчтүү, ар кандай кыйынчылыктарга туруштук бере алган аттарды табуу.

Кыргызстандык күлүктөр бул жарышта эки-үч күн бою алдыларына киши чыгарбай алдыда келишти.

Жарыш соңунда кыргыз күлүктөрүнүн бири аксап калганына карабай биринчи келишип, рекорд коюу менен, кубокту жеңип алышты.

https://www.facebook.com/reel/1686952658820131

Количество просмотров: 307