• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Рамис Кудайбергенов: «Биздин команда казакстандык улакчыларды 5:1 эсебинде утту»

16 Аяк оона 202413:30 Бишкек Govori.TV


«Көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдештин финалдык бөлүгүндө Кыргызстан менен Казакстандын оюну кызуу өттү. Оюнда эрежелер сакталып, калыс туура баамдаганда биздин команда казакстандык улакчыларды 5:1 эсебинде утту».

Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, казакстандык калыстар, оюнчулар баштан аяк эреже бузушту. Бирок, ага карабастан биздин улакчылар күчтүүлүгүн көрсөтүп мыкты ойношту.

«Казакстан менен эле атаандашып катары ойноп жүрө бербестен башка өлкөлөр менен да көк бөрү мелдештерин өткөрөлү деп жатабыз. Айрым өлкөлөр биздин улакчыларды сатып алып, өздөрүнүн командаларын күчтөндүрөлү деген ниеттерин билгизип жатышат. Казакстанда өткөн көкпар оюнуна жалпы элдин күнөөсү жок, айрым оюнчулар же калыстардын гана күнөөсү бар. Андыктан бир оюн үчүн эки кошуна мамлекеттин эли талашып-тартыша бербеш керек,» — деп кошумчалады Кудайбергенов.

Количество просмотров: 309