Астанада өтө турган бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулардын параддык жана спорттук кийими даяр болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Спортчулар параддык форманы 8-сентябрь күнү оюндардын ачылыш аземинде кийип чыгат. Аталган кийим 10 элементтен турат: параддык форма (ак калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма (баш кийим, куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).


Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт. Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан жалпы 263 адам делегация курамында барса, анын ичинен 183 спортчу катары катышат.