Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын ортосунда болгон көкпар оюнунда казакстандык Акылбек Кымызбаев баштаган калыстар тобу тарабынан олуттуу катачылыктар кетти. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.
Анын айтымында, оюн толугу менен казакстандык улакчылардын орой эреже бузуулары менен коштолуп, спортчулардын жүрүм-туруму да агрессиялуу болгон.
Көк бөрү федерациясынын эксперттери Казакстан менен болгон оюнда алар тарабынан 14 жолу одоно бузуу болгондугун ачыктады.