Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев ЖКнын комитет жыйынында жыл башынан бери бензин жана дизель майынын ар бир литрине алынган 1 сомдон Жол фондуна 172 млн сом түшкөнүн айтты.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Жол фондунун карамагында 17 каржы булак бар.
«Анын ичинен учурда 11 каржы булагы киреше алып келүүдө. Жалпы каржы булактарынан жыл башынан бери фондго 942 млн сом чогулуп, анын ичинен 646 млн сом жол курууга жумшалган. Жол фондуна түшкөн каражаттан быйыл 277 чакырым жолго асфальт төшөө, жолдорду оңдоп-түзөө, көпүрө салуу жумуштары жасалат. Негизи жолдорду тейлөөгө жылына 10 млрд сом керектелет. Бирок бюджеттен болгону 2 млрд сом бөлүнөт”,-деди ал
Эске салсак, 2025-жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнө баштаган. Бул каражат Жол фондуна түшөт жана автоунаа жолдорун оңдоого, салууга, реконструкциялоого пайдаланылат.