Бүгүн, 4-марттагы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун каралды.
Жыйында депутат Бактыбек Сыдыков аталган фонд азыр жөн эле акча бөлүштүрүүчү орган болуп, райондордо жол салынбай калганын айтып, мекеменин ишмердүүлүгүн сынга алды.
Депутат Улугбек Ормонов жол салган ишкерлер акчасын ала албай жүргөнүн айтып, жумушчу топ түзүп, Транспорт министрлигиндеги кошумча түзүмдөрдүн ишин текшерип чыгууну сунуштады.