• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Күйөөсүнө өчөшүп балдарын сабаган аял кармалды

3 Бештин айы 202521:43 Бишкек Govori.TV

Сокулукта өз балдарын сабаган аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, 3-декабрда социалдык тармактарда болжол менен 30-35 жаштагы аял эки баланы үйдүн ичинде сабап жаткан видео тараган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ал балдардын энеси — 1995-жылы туулган М.А. болуп чыкты. Ал эми жабыркаган балдар — 2016-жылы туулган М.А. жана 2018-жылы туулган М.М. болгон.

Тергөө учурунда белгилүү болгондой, окуя 2025-жылдын 26-ноябрында болгон. М.А. жолдошу менен үч айга жакын убакыттан бери урушуп жүргөндүктөн, андан өч алуу максатында балдарын сабаганы аныкталган.

Учурда М.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Количество просмотров: 399