• Дүйшөмбү 20 Теке 2026
  • Понедельник 20 Июль 2026

Көк бөрү федерациясынын президенти шайланды

20 Теке 20269:07 Бишкек Govori.TV

32 жаштагы Айбек Шамшидин уулу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Тиешелүү чечим 18-июлда Бишкекте федерациянын курултайында кабыл алынды.

Федерациянын маалыматына ылайык, курултайга 100дөн ашуун делегат катышты.

Жыйында федерациянын мурдагы президенти Акылбек Эшимовдун башка жооптуу кызматка дайындалганына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арызы каралып, канааттандырылган.

Количество просмотров: 56