• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Көк-Жар конушунда жаңы балдар бакчасы ачылды

12 Жалган куран 2024 15:29 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Көк-Жар конушунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда жаңы балдар бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.

Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө чогулгандарды куттуктап, билим берүү тармагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин билдирди.

«Өлкөдө демографиялык өсүү байкалууда. Ошого байланыштуу президент Садыр Жапаров балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону 20-40%га жогорулатууну тапшырды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча курулуш жана реконструкция иштери уланууда. Быйыл билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулат», — деди Акылбек Жапаров.

Эки кабаттан турган балдар бакчасы 280 орунга ылайыкташкан. Жалпы аянты 2 миң 927 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдар үчүн керектүү шарттардын баары түзүлгөн.

Курулуш иши 2023-жылы жайда башталган.

Количество просмотров: 73