• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыска мөөнөттүү дагы төрт бала бакча ачылды

9 Чын куран 2024 12:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү дагы төрт бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бала бакчалардын үчөө Чүй облусунун Жайыл районунда, бирөө Москва районунда жайгашкан.

Жайыл районундагы бакчалар балдар чыгармачылык үйүнүн жана балдар бакчаларынын базасындагы түзүлдү. Алардын бири 50 балага ылайыкталса, калган экөө 200 бөбөктү камтый алат.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Жайыл районунда жалпы кыска мөөнөттүү 15 бала бакча түзүлсө, Москва районунда 16 бакча ачылат.

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Количество просмотров: 83