• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекетке жүктөлөт

11 Чын куран 2024 14:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи депутаттар Сурабалдиева Э.Ж., Нарматова Н.А., Айжигитов С.А., Самыйкожо М., Атажанов Ы.Ы., Эрбаев А.Т., Раимбачаева В.К., Темирбаева М.О., Талиева К.А., Бекешев Д.Д., Козуев А.А., Самаков К.К., Кыдыкбаев Ж.С., Азыгалиев Н.А., Ханжеза К.Л., Боронбаев А.Ж., Мамытов Т.Т., Тентишев Б.Э.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Аида Исатбек кызы белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты мектепке чейинки билим алуусу боюнча жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоо, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашка ата-энелер тарабынан гана төлөө ченемин алып салуу болуп саналат.

Алсак, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Количество просмотров: 147