• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Калыс-Ордодо заманбап бала бакча курулуп жатат

17 Чын куран 2024 17:13 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда заманбап бала бакчанын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү жана кыш мезгилинде куюлган бетондорду алуу иштери аткарылууда.

Белгилей кетсек, имараттын жалпы аянты 1 390 чарчы метрди, ал эми жер участогунун аянты — 0,68 гектарды түзөт.

Бекитилген долбоор боюнча имаратта уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, ашкана, жууну бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык зал, кампа жана техникалык жайлар каралган.

Количество просмотров: 71