• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көл жээгиндеги поэзия фестивалы жыйынтыкталды

27 Баш оона 20249:48 Бишкек Govori.TV

Чыныбай Турсунбеков атындагы поэзия фестивалынын жыйынтыгы чыгарылды. 80ге жакын акындардын ичинен алтоо, ал эми көркөм окуу сынагынан 200дөн ашуун катышуучунун ичинен жетөө финалга чыккан. Фестивалдын жалпы байгесине 200 миң сом коюлган.

Поэзия майрамынын жыйынтыгында баш байгени акын Сайра Батыркулова жеңип, 100 миң сом жана атайын статуэтка менен сыйланды. Ал эми 1-орун 40 миң сом жана диплом менен Канат Таалайбеков, 2-орун 30 миң сом жана диплом менен Жылдызбек Турсунбаев, 3-орун 20 миң сом менен Элгиза Бусурманкулова сыйланышты. “Жылдын табылгасы” катары Ырысгүл Изатова, “Эл сүймөнчүгү” деп Эдилбек Муканбетов табылды.

Эске салсак, акын, котормочу, мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков 2020-жылы 60 жашында акка моюн сунган. Анын “Жүрөктөгү жаңырык”, “Шаарда жоголгон сөз” , “Жалын тоо” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн.

Жаш калемгерлерди колдоо максатында 2020-жылы атайын фонд түзүлгөн. Аталган поэзия фестивалы быйыл төртүнчү ирет өткөрүлдү.

Количество просмотров: 149