• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Көлдө толкун тартып кеткен 2 жаран куткарылды

29 Теке 20239:49 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө толкун тартып кеткен жарандарды куткаруучулар аман-эсен жээкке чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-июль күнү саат 15:07 чамасында 112 кызматына «Сары-Камыш айылына жакын көл жээгинде матрац баллон менен сууда жаткан эки адамды катуу толкун алыска тартып кетти» деген маалымат түшкөн.

«Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу жеринде куткаруу иштерин аткарышты. Натыйжада толкун тартып кеткен тургундарын аман-эсен жээкке чыгарышты»,-деп жазылат маалыматта.

Куткаруучулар эс алуучуларды көлгө түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты.

Количество просмотров: 129