• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Көмүр сатууда 66 мыйзам бузуу фактысы аныкталды

22 Жетинин айы 2022 16:26 Бишкек Govori.TV

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүр сатууда 66 мыйзам бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилишине байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы республиканын аймактары боюнча 101 иш сапар жүргүзүп, көмүр сатуучу 307 рынок субьектилерин камтыган.

Рейддин жыйынтыгында монополияга каршы мыйзамдардын бузулушунун алдын алуу боюнча 256 билдирүүлөр берилип, 66 мыйзам бузуу фактылары аныкталып, КР мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча кагаз жүзүндөгү талаптар (предписание) коюлган, мыйзам бузууларды четтетпеген субъекттерге 8 айыппул салынган.

Количество просмотров: 153