Орозо айт намазы Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянтта) окулду. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Ошондой эле 10 миңдеген киши айт намазга катышкан.
Айрым маалыматттарга ылайык эски аянтка 100 миңдей адам чогулган.
Кыргызстанда акыркы жылдары Орозо жана Курман айт намаздары мечиттерде гана окулуп келген.
Ички иштер министрлигинин маалыматында бул күнү коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун милиция кызматкери камсыз кылды.
Быйыл Орозо айы 19-февралда башталган