• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Күндүн ыргагы: Абактагылардын асынып алганы шек жаратты. Путин баштаган президенттер Бишкекке келет

5 Бештин айы 2022 18:35 Бишкек Govori.TV

ЕАЭБ САММИТИ ӨТӨТ

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити 9-декабрда Бишкекте өткөнү жатат. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Орусиялык журналисттер саммитке орус президенти Владимир Путин баштаган делегация катышарын жазып жатышат. Саммиттин күн тартиби жана катышуучулары тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп келатканын айтып жүрүшөт.

ДАЧА СУУ КОМИССИЯСЫНЫН КОРУТУНДУСУ

Үстүбүздөгү жылдын, 1-декабрында Жогорку Кеңештин депутаттары 2017-жылдын 16-январындагы Сокулук районундагы Дача-Су айылында Боинг-747 жүк ташуучу учагы кулаган авиациялык кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссиянын корутундусун угушту. Бул  маселе боюнча маалыматты коомдук комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов берди.

Аталган комиссиянын мүчөсү укук коргоочу Нурбек Токтокунов бул маселеге чечим шашылыш кабыл алынып калганын айтты. Анын айтымында жыйынтык чыккандан кийин кенен талкуу жүргүзүлүшү керек болчу. Мындан сырткары айрым эске алчу жагдайлар болгон.

Коомдук комиссияга мүчөлүк кылган иликтөөчү журналист Дилбар Алимова изилдөөнүн жүрүшүндө айрым жагдайларды тактоодо техникалык мүчүлүштүктөр болгонун эске албаганда, жалпысынан иш адилеттүү эле болгонун айтат.

АБАКТАГЫ ӨЛҮМДӨР ШЕК ЖАРАТТЫ

ЖМК МЫЙЗАМЫ ТОЛУКТАЛАТ

Президенттин аппаратынын алдында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамды аягына чейин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Эске салсак, ноябрда өткөн Кыргызстандагы сөз эркиндигине арналган тегерек столдо журналисттер, көз карандысыз юристтер, медиа-эксперттер жана президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын кызматкерлери “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам боюнча жумушчу топ түзүп, долбоорду аягына чыгаруу үчүн биргелешип иштөөнү макулдашкан.

Буга чейин коомдук талкууга коюлган документ катуу сынга кабылган.

Өзүнчө жоболор көз карандысыз редакциялардын жана журналисттердин, анын ичинде чет элдик маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө коркунуч туудура турганы айтылган.

ТУМАНДАН УЛАМ УЧАКТАР КОНО АЛБАЙ КАЛДЫ

Бүгүн, 5-декабрда «Ош» аба майданында коюу туманга байланыштуу аба каттамдардын убактысы жылды.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, туруксуз аба ырайына байланыштуу эл аралык жана ички каттамдагы учактар коно албай жатат. Андан тышкары Оштон уча турган каттамдардын убактысы да өзгөрүүдө.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары «Ош» аэропортунда калың туман түшкөнүнө байланыштуу учактар учпай жатканын жазышты.

«Тез Жет» компаниясынын учактары тумандан улам 3-4-декабрь күндөрү Бишкектен Жалал-Абадга учкан эмес.

Количество просмотров: 336