• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Германияда Борбор Азия лидерлери чогулду. Митингди чектөө мөөнөтү 3 айга узарды

29 Аяк оона 2023 17:59 Бишкек Govori.TV

БОРБОР АЗИЯ ЛИДЕРЛЕРИ ЖОЛУКТУ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуусуна катышты.
Иш-чара жумушчу эртең мененки тамак форматында өтүп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери: Казакстандын президенти – Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти – Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти – Шавкат Мирзиёев, түркмөн элинин Улуттук лидери, Халк Маслахатынын төрагасы — Гурбангулы Бердымухамедов катышты.
Жыйынды Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер ачып, андан соң Борбор Азиянын бардык мамлекет башчылары сөз сүйлөштү.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин демилгеси менен бүгүнкү жолугушуунун өтүшү Германиянын Борбор Азия менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыгуусу артып жатканын айгинелерин белгиледи.
Президент глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда эл аралык коомчулуктун биздин регионго болгон кызыгуусу кыйла өскөнүнө көңүл бурду.

МИТИНГГЕ ТЫЮУ САЛГАН ЧЕЧИМДИН МӨӨНӨТҮ УЗАРДЫ

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылды.

Бүгүн 29-сентябрда Биринчи Май райондук соту райондук администрациянын тынч жыйындар өтчү жерлерди чектөө тууралуу арызын канааттандырган чечим чыгарды.
Райондук администрациянын 28-сентябрдагы чечиминде тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-октябрдан 31-декабрга чейин бир катар жерлерде тыюу салынары айтылган. Ал жерлер – Ала-Тоо аянты жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан тартып аянтка чейинки тилкеси, Жогорку Кеңештин айланасы жана анын жанындагы И.Панфилов паркы, Өкмөт үйү жана анын жанындагы Т.Турсунбаева бакчасы, Жогорку соттун, Орусия элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлер.

Бул чектөө 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келе жатат. Соңку чектөө 30-сентябрга чейин деп аныкталган. Акция өткөрүүнү каалагандар М.Горький атындагы бакчага чогулса болот.

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА МААЛЫМАТ ТАРАТТЫ

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мекеменин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Рустам Абдрасуловдун кармалышы боюнча маалымат таратып,  жасалма документтер менен коммерциялык банктарынын биринин кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда 1 млрд. 478 млн. орус рублин чыгарып кетүү фактысын тергеп жатканы айтылды. Мекеме бул иштеги күнөөлүүлөрдү аныктап, 20 млн. АКШ долларын анын ээси болгон орусиялык ишкерге өндүрүп берген.

“Калган 762 миң 500 доллар жума күнү иш убактысы аяктап калган маалда өндүрүлгөн. Ал убакта банктар жабылып калганы үчүн ал акчаны кызматтык сейфте убактылуу сактап, кийин банкка өткөрүп берүү үчүн бөлүмдүн башчысы Абдырасуловго берилген. Бирок кийинки аптанын башында Абдырасулов үч күн катары менен жумушка чыккан эмес. Буга байланыштуу инвентаризация жүргүзүлгөн учурда анын кызматтык сейфинде акча каражаты жок болуп чыккан. Ошол үчүн Абдырасулов бул акча каражатын таратып ийген деген шек пайда болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы дароо кармалган”.

Расмий маалыматка ылайык, 21-сентябрда Аскер прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп Рустам Абдрасулов кармалган. Мекеме билдиргендей, Абдырасулов кармалгандан эртеси күнү анын жакындары 762 миң 500 долларды алып келип, тергөөгө өткөрүп берген.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары өткөн жумада ишенимдүү булактарына шилтеме берип, Рустам Абдрасулов 700 миң доллардан ашык каражатты сейфтен алып, букмекердик конторага уттуруп жибергенин, ал Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына камалганын жазышкан. Бирок Башкы прокуратура ал акчаны уттуруп жиберген деген маалыматты четке кагып, мыйзамга ылайык, кыргызстандык жарандарга өлкө аймагындагы кумарканаларга кирүүгө тыюу салынганын билдирген.

МИЛИЦИОНЕР КАРМАЛДЫ

Ошто уюшуп алып ири суммада пара талап кылган милиционерлер аныкталганын, алардын бири кармалып, үчөөнө издөө жарыяланганын бүгүн 29-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ош шаардык милицясынын төрт ыкчам кызматкери Ош облусунун тургунун зордуктоого айыптап, кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, 400 миң сом талап кылышкан. 25-сентябрда бул акчанын алгачкы 100 миң сому берилип жаткан учурда ортомчу киши кармалган, ал аркылуу милиционерлердин бири колго түшүрүлгөн.

Кармалган милиция кызматкери атайын кызматтын тергөө абагына эки айга камакка алынды, калган үчөөнө 28-сентябрда соттун чечими менен камак чарасы сыртынан аныкталып, издөө жарыяланды.

ОШ БАЗАРЫН КӨЧҮРҮҮГӨ ИШКЕРЛЕР МЕНЕН СООДАГЕРЛЕР КАРШЫ

Ош базарындагы ишкерлер менен соодагерлер Бишкек мэриясынын базарды шаардын сыртына чыгаруу демилгесине каршы пикирин билдирип, президент Садыр Жапаров менен калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровго кайрылуу жасашты. Базардагы эт саткан бөлүмдүн башчысы Назира Кудайбергенова учурда кол топтолуп жатканын билдирди.

39 жылдан бери ушул базарда иштеген Мунар Кошалиева базарды чет жака жылдырууга караманча каршы экенин айтты.

Буга чейин Бишкек мэриясы «Ош» базары менен автобекеттерди көчүрүүнү пландап жатканын билдирген. Муниципалитет базарды четке чыгарууга жер табылганын, учурда көчүрүүнүн механизмдери иштелип, эскиздер даярдалып жатканын кабарлаган. Мэрдин айтымында, автобекеттер, «Ош базары» жана башка бир катар объектилердин чет-жакага чыгарылышы шаарды иретке келтирип, жашылдандырат.

Ал эми Чыгыш автобекети Алматы менен айланма жолдун кесилишине көчүрүлмөкчү (түндүк-чыгыш бөлүгү).

Количество просмотров: 283